Марал Радиосу

Кереметтүү Кыргызстан түркиялык мугалимдин сүрөттөрүндө

Түркиялык Зафер Динжер 2004-жылы Кыргызстанга келген. Азыркы учурда Сапат билим берүү мекемелеринин Оштогу “Сема” лицейинде физика мугалими болуп эмгектенет. Ал мурунтан эле сүрөт тартууга кызыгып жүргөн. Кыргызстандын табиятын көрүп, сүрөтчүлүктү баштаган.

Алгач жөнөкөй фотоаппарат сатып алып, андан кийин дагы кымбатыраагын алып жүрүп мыкты сүрөттөрдү тарта баштаганын айтты.

Төмөндө анын эмгектерин сиздерге сунуштайбыз.