Марал Радиосу

Кыргызстанда иштебеген 700 мамлекеттик мекеме бар

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 701 мамлекеттик мекеме иштебей турат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди. Анын айтымында учурда иштеп жаткан 99 мекеме бар.

Учурда иштебеген мамлекеттик мекемелердин саны өскөнү, алардын 39ун кайра түзүп же бириктирүү пландалып жатканы кабарланды.

Кошумчалай кетсек, Мүлк фонду бүгүнкү күндө энергокомпанияларды инвентаризациядан өткөрүүдө.