Марал Радиосу

Өлкөдөгү энергокомпаниялар инвентаризациядан өткөрүлүүдө

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду өлкөнүн бардык энергетика тармагындагы компанияларга инвентаризация жүргүзүүдө. Бул тууралуу фонддун төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди.

Анын айтымында, каттоонун экинчи этабы – 2019-жылдын март айына чейин болуп, мүлктү кайра баалоо жүргүзүлөт.

Түлөбердиев кошумчалагандай, негизги каражаттар боюнча жумуш бүттү. Учурда курулуштардын, имараттардын жана башкалардын санын маалым болду.

Мындан тышкары, жер ресурстарын инвентаризациялоо иши дагы жүрмөкчү.