Марал Радиосу

«Дордой» базарында эки контейнер товарлары менен күйдү

“Дордой” базарында эки кабаттуу 2 контейнер ичиндеги товарлары менен кошо күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

2-октябрда болжол менен саат 17:10дор чамасында базардагы контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Аны өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, өрт саат 18:02де чектөөгө алынып, кечки саат 18:37де толугу менен өчүрүлгөн.

Азырынча өрттүн себеби белгисиз, учурда тактоо иштери жүрүүдө.