Марал Радиосу

Мүлк фонду электрондук сатып алуулар аянтчасына өтүүдө

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду электрондук сатып алуулар аянтчасына өтүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди.

Анын айтымында, бул коррупцияга бөгөт коюу максатында жасалууда. Андан тышкары жарандарга бардык жараяндан өтүүнү жеңилдетет.

Жылына 1 миңге жакын келишим түзүлөт. Кээде жарандарга аймактардан келүүгө туура келет. Бул убакытты жана каражатты талап кылат. Электрондук сатып алуулар аянтчасынын жардамы менен өлкөнүн бардык булуң-бурчунан келишим түзүүгө болот”, — деди Түлөбердиев.

Кошумчалай кетсек, автоматташтырылган форматта келишим түзүү үчүн юридикалык жактарда электрондук кол тамга, ал эми жеке жактарга – биометрикалык паспорт жана окурман керек.