Марал Радиосу

Фучик-Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишине жол чырагы орнотулат

Фучик-Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишине жол чырагы орнотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин маалымат кызматы билдирди.

Шаар тургундарынын кайрылуусу менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров жана аны орун басары аталган кесилишти карап чыккан.

Ал бул көчөдө жол тыгыны жана транспорт кыймылын жөнгө салуу үчүн жыл аягына чейин жол чырагы коюу тапшырамасын берди.