Марал Радиосу

Бөрүбашев: Дипломатия тармагы башаламан экени ачыкка чыгууда

Кыргызстанда дипломатиялык паспортторду колдонгон кызматкерлерди текшерүү сунушталууда. Себеби Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде кызматкерлер аталган документти  жеке иштеринде колдонгону аныкталганын Башкы прокуратура маалымдап жатат. Бул маселе боюнча юридикалык илимдердин доктору Бекболсун Бөрүбашев менен маектештик.

-Негизи дипломаттык пастпортту ким колдоно алат жана аны колдонуунун негизги шарттары тууралуу айтып берсеңиз?

-Паспорт-мамлекеттик документ. Бир адамдын кайсыл бир өлкөнүн жараны экенин тастыктоочу, аны коргоочу документ. Анын үч түрү болот. Жарандык, кызматтык жана дипломатиялык. Дипломатиялык паспорт кызматтык паспорт сыяктуу эле жаран сыртка чыкканда анын өздүгүн аныктап, башка өлкөгө киргенден чыкканга чейин колдонулат. Мамлекеттик маанидеги бул документтин ээси КРдин коргоосунда болот.  Аны ТИМдин консулдук кызматы берет. Мамлекттик жогорку кызматта жана дипмиссия менен башка өлкөгө дайындалган кызматкерлер менен алардын үй-бүлөсүнө берилет. Толук тизме өкмөттүн жобосунда так жазылган. Аны беш жыл ичинде алмаштыруу же кызматтык сапары, миссиясы бүтсө кайра кайтаруу мөөнөтү да бар.

-Эгер чиновниктердин мамлекеттин эсебинен чет өлкөгө сапарга чыкканы аныкталса, мына ошол документтерди жеке кызыкчылыктары үчүн колдонуп жүрсө кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керекпи?

-Баарын кылмыш жообуна тартуу өтө эле оор болуп калат. Муну иликтеп чыгып, балким административдик жаза берсе туура болот го. Бирок, башкаларга сабак болчудай чара колдонуш керек.

-Мындай окуялар биринчи жолу катталып жаткан жок.  Буга чейин да дипломатиялык, кызматтык паспортторду жеке кызыкчылыгына колдонуп келгендер боюнча бир топ маселе көтөрүлүп келген. Буга кантип чекит койсо болот. Же адамдык абийирденби?

-Абийри бар адамдар бул жолго барбайт. Ага ишенүүгө болбойт. Бул жерде мыйзамды иштетип, көзөмөлдү күчтөш керек. Ошондо баары өз жолу менен кетет. 1961-жылы Веналык конвенцияга кол койгонбуз. Эл аралык келишимдерди аткарышыбыз керек. Мамлекеттик кызматкер өз өлкөсүнүн чет жактагы жүзү. Жоопкерчилиги башкалардан эки эсе жогору болушу шарт.

-Президент коррупция менен катуу күрөшөрүн айтып келүүдө. Азыр бардык мекемелердин чыгашасын дыккат иликтеп, мына ушул дипломаттык , кызматтык паспорт көйгөйүн да карап  чыгуу маселеси жаралып жаткан жокпу?

-Акыркы окуялар мамлекттик кызматкерлердин мамлекеттик кызматка болгон мамилесин көрсөтүп койду. Президентибиз тазаланууга барарын кайра-кайра  айтып жатат. Анан бизде жалындуу сөздөр иш башталып, аягы жыйынтык жок болуп калчу эле. Азыр дипломатиялык тармакта “бардак” бар экени ачыкка чыгып жатат. Анан шылтоо менен жакшы иштеп жаткандарды да алып койбой, ар бир маселени тактап, мыйзам чегинде баарын жөнгө салыш керек.

-Маегиңизге рахмат.

Exit mobile version