Марал Радиосу

Талиева: Президенттин даяр командасы жок экен

Президент өзүнүн аппарат жетекчисин дайындоодо бир канча ай күттү. Бул жакшы “синдром” эмес. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Камила Талиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президенттин аппаратынын кеч дайындалышы өлкө башчынын даяр командасы жоктугунан кабар берет.

«Өлкө башчы кадрларды дайындоодо батыраак иштеши керек эле. Президент коррупция менен күрөшөбүз деп айтканы менен аны уккан киши барбы? Ал эми Жогорку Кеңештин V чакырылышында депуттар кандайдыр бир маселе боюнча президентти чакырып, пикирин укчубуз. Азыркы депуттардын баары эле 7-кабатты карап, көрсөтмө күткөндөй таризде», — дейт Талиева.

Ал буга кошумча, парламентте оппозиция жок экенин мындайда өнүгүү болбой турганын белгиледи.