Марал Радиосу

Көпчүлүктүн купулуна толгон «Көк бөрү» тасмасы

«Көк бөрү» көркөм фильми көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынып, улуттук духту көтөрө турган тасма экени айтылууда. Ушул тапта көркөм фильм өлкөнүн баардык кинотеатрларында көрсөтүлүүдө. Бүйүр кызыткан бул тасманы жаратууга баш аягы 30 миллион сом сарпталган.

Бишкек шаарынын тургуну Жаркын Урдинова үй-бүлөсү менен «Көк бөрү» тасмасын көрүп келген. Жаркын айым тасмадан өзгөчө таасир алып, көк бөрү оюну кызыктуу экенин сезген.

-Мага тасма абдан жакты. Жөн эле кыргыздын духун көтөрө турчу кино болуптур. Көрсө, футбол, хоккей сыяктуу көк бөрү оюну деле абдан кызыктуу экен. Башкаларды да көрүүгө чакырып кетет элем.

«Көк бөрү» Кыргыздын улуттук оюнун даңазалаган, спортко арналган алгачкы кыргыз тасмасы.  Бул фильм өлкөнүн баардык кинотеатрларында көрсөтүлүүдө. Тасмага күбө болгон борбор калаа тургундарынын басымдуу бөлүгү фильмге мыкты деген баа беришүүдө.

Тасманы режиссер Руслан Акун жаратты. Фильм Кыргызстандын эң кооз жерлеринде тартылып, ролдорду мыкты делген актёрлор аткарышкан. Бүйүр кызыткан көркөм тасманы жаратууга баш аягы 30 миллион сом сарпталды. Режиссердун айтымында, аталган тасманы тартуу идеясы өзүнө таандык.

Тасманы тартууга чыгармачыл топ бир жарым жыл даярданды. Ал эми тартуу процесси 37 күнгө созулду. «Көк бөрү» киносу Кыргызстандын эң кооз жерлери Сары-Челек, Ысык-Көл жана Суусамыр өрөөнүндө тартылды. Массовкага 300дөй киши катышып, 45 актер роль аткарган. Алардын экөө Казакстандан чакырылып, башкы каармандын образы казак актёру Асылхан Төлөповго берилген.

Актёрлорду тандоодо алардын эл арасында таанымалдыгына, аткаруу чеберчилиги жана атка минүү жөндөмдүүлүгүнө көңүл бурулган. Тасманы жаратууга кыргыз көк бөрүчүлөрү жардамга келишип, көк бөрүнүн эрежелерин, оюндун тактикаларын үйрөтүшкөн. Оор трюктарды каскадёрлер аткарган.

Кинодо негизги каармандардын биринин ролун аткарган Жуман Мамакеев кесиби актёр эместигин белгиледи. Бирок көк бөрү оюнуна көптөн бери кызыгуусу артып жүрүп, аталган оюн тууралуу тасмага тартылуу максаты болгонун айтты.

-Мен ишкерлик менен алектенем. Бишкекте Орто-Сай айылында жашап, көк бөрү оюнун көрүп калчумун. Оюнга кызыгып, асыл тукум аттарды багып жатам. Тасмага тартылуу кыялым ишке ашып олтурат.

Фильмде кыргыздын улуттук оюнун даңазалоодон тышкары сүйүү, жаныбарларга болгон мамиле, жаратылышты сактоо, жерди сатуунун, акчага өтө эле берилип кетүүнүн кесепеттери жана айыл элинин ынтымагы чагылдырылган. Эң башкысы кыргыз киносундагы спорттук багытта тартылган биринчи тасмалардан болду дешет режиссёрлор.

Актёр Азамат Исмаилов тасманын эпизоддоруна эле катышса да өзүнө кино талаасында тажрыйба ала алдым дейт.

-Чындыгында сонун тасма болду. Эпизодго кокусунан барып эле тартылып калдым. Тартуу иштеринен өзүмө тажрыйба алдым десем болот. 

Белгилей кетсек, «Көк бөрү» тасмасы Казакстанда да ачылышы болуп, көрүүчүлөргө тартууланууда.

Exit mobile version