Марал Радиосу

Дипломатиялык паспорттун артыкчылыгы арбын

Кыргызстанда дипломатиялык паспортторду колдонгон кызматкерлерди текшерүү сунушталууда. Себеби Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде кызматкерлер аталган документти  жеке иштеринде колдонгону аныкталган. Бул маселе боюнча эл өкүлдөрү өкмөткө тартипти күчөтүү тапшырмасын коюшмакчы. 

Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин пландык негизде текшерүү учурунда бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу прокуратуранын маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган министрликте ушул жылдын 12-сентябрында мекемеде мурун иштеген кызматкерге дипломатиялык жана кесиптик паспорттор колдонуу үчүн берилген. Паспорттор министрликтин адамдык ресурстар башкармалыгы тарабынан берилген.

Башкы прокуратура бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берди. Мындан тышкары, текшерүү учурунда министрликтин жетекчилери дипломатиялык паспортторду жеке иштеринде колдонушканы аныкталды. Учурда бул багытта иликтөө иштери уланууда. Анын натыйжасында жооптуу кызматкерлерге юридикалык баа берилет.

Буга чейин Жогорку Кеңеште депутат Аида Касымалиева аталган министрликтин аткаминерлери чет өлкөгө дипломатиялык паспорттор менен учуп жаткандыгын айтып чыккан. Ал эми мекеме бул маалыматты четке каккан.

Мындан улам мыйзамга көз жүгүртүп, дипломатиялык паспорт деген эмне, ал кимдерге берилерин жана кандай максатта колдонуларын тактап көрдүк.

Мамлекеттик маанидеги дипломатиялык паспорттун ээси Кыргыз Республикасынын коргоосу алдында дегенди түшүндүрөт. Аны Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматы беш жылдык мөөнөткө берет. Анын ээси жумуштан алынган учурда беш күндүн ичинде кайтарып алынат. Мөөнөтү бүткөн паспорттор дагы кайра алынып, жок кылынат. Аталган документ кызматтык сапарларда гана колдонулушу шарт. Бул үчүн аны берүүгө өтүнүч кылган мамлекеттик орган жооп берет. Ошондуктан өлкө аймагынан сырткары кызматтык командировкага чыккан адам кайтып келген соң он күндүн ичинде аны иштеген жеринин кадрлар бөлүмүнө тапшыруусу керек.

Эл аралык мамилелер боюнча талдоочу Эдил Осмонбетов мамлекет дипломатиялык паспортту кимдер колдонуп жатканын тактап, бир эрежеге келтирүү керек деп эсептейт.

-Дипломатиялык паспорттор кимге берилгенин тизмеден карап чыгуу керек. Мындан үч жыл мурун парламент аталган документ боюнча маселени карап, комиссия түзгөн эле. Дагы кайрадан өкмөт карап, эрежени тактоо зарыл. 

Дипломатиялык паспорт ээлери айрым чет өлкөлөргө визасыз кирип, ал аймакта жүрүүгө укуктуу. Бирок бара турган мамлекет менен макулдашуу болгон учурда гана мындай укукка ээ боло алат.

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева мамлекеттик жогорку кызматтагы жетекчилер өз жумушуна диппаспортту колдонууга абийири жол бербеши керек эле дейт. Эл өкүлү аталган документти колдонуу боюнча өкмөткө кайрылып, тартипке келтирүүгө чакырууда.

-Министрдин орун басарынын окуясын угуп абдан жаман болдум. Мамлекеттик кызматкерлерде тартип болушу керек. Өкмөт башчы уруксат бербей койсо, эмгек өргүү алып чет өлкөгө чыккан жетекчи туура эмес иш кылган. Бул маселе боюнча өкмөткө тапшырма коёмун.

Ал эми депутат Руслан Казакбаев аткаминердин иш сапары расмий болбосо дипломатиялык паспорт эч кандай жеңилдик бере албайт деген пикирин айтты.

-Дипломатиялык паспорт көбүнчө КМШ өлкөлөрүндө эле колдонулат. Европа жана АКШда бул документти карашпайт. Кызматкерге артыкчылык да бербейт.

Учурда Кыргызстанда миңден ашык жаран дипломатиялык паспортко ээ. Алар жөнүндө маалыматтар электрондук базада сакталган. Бул паспорт мекеме жетекчилерине, Жогорку Кеңеш депутаттарына, дипломаттарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилет.Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Улукбек Кочкоровдун айтымында, буга чейин эле мамлекеттик кызматка тиешеси жок жарандарга диппаспорттор берилип келген. Бул коррупциянын бар экенинен кабар берет.

-Мамлекеттик маанидеги документти максатсыз пайдаланган учурлар ачыкка чыга баштады. Июнь коогалаңын уюштурууга айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровго да дипломатиялык паспорт мыйзамсыз берилгени ачыкталган.

Эске салсак, 2014-жылы Тышкы иштер министрлиги тарабынан атайын дипломатиялык паспорттор мындай документ алууга укугу жок бир нече жаранга мыйзамсыз берилгени аныкталган. Алардын арасында мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кызы жана неберелери, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Феликс Куловдун жубайы, мурдагы вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекованын уулдары, теле алып баруучу Ассоль Молдакматова баштаган бир нече жарандар болгон.

 

Exit mobile version