Кыргызстанда көпчүлүк аткаминерлер кесиптик этиканы сактабайт. Мындай пикирди адисттер белгилешет. Алардын келтирген жүйөөсүнө ылайык, кызматкерлер өзүнө жүктөлгөн милдетти так аткарбай, элге орой мамиле жасашат. Ошол эле учурда чиновниктер мамлекеттик унаа жана дипломатиялык паспортторду өзү билемдик жолу менен колдогондор көп экени айтылууда.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурунку орун басары Зууракан Каденова Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас болуп кирип чаң салган. Бул көрүнүш коомчулук тарабынан сындалып, кыргыз аткаминерлердин кесиптик этиканы сактоо маселесин козгоду.
Алгач аталган министрликтин өкүлүнүн кылыгы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Фейсбуктагы баракчасына жарыялап чыгып, анын айынан көп адам жаба чегип калганын сындаган.
Андан көп өтпөй эле Түштүк Кореядагы Кыргызстандын элчиси Кылычбек Султанов Бишкекте журналисттерге маалымат берди. Элчи чет өлкөгө чыккан чиновниктер элчиликтерге тиешелүү мамлекеттик номерлердин жана дипломатиялык паспорттордун тиешеси жок адамдарга берилип жатканын айтты. Ошону менен бирге Каденова мас болуп калганына байланыштуу маалыматты таратпоо тапшырмасы президенттик аппараттан берилгенин билдирди.
— Ак Үйдөн мындай тапшырма түштү деп айтышканда, биз жоопкерчиликти өзүбүздөн алуу үчүн бул тапшырманы аткаруудан баш тартып, маалыматты берүүнү чечтик. Сеулдагы аэропорттун кызматкерлери Каденованын сырткы белгилерине таянып, ал мас абалында болгонун документке белгилешкен. Жанында дипломаттык паспорту болгону үчүн элчилигибиздин дипломаттары чакырылган. Каденова өзүн өтө агрессивдүү алып жүргөн. Андан алкоголдук ичимдиктин жыты жыттанган. Кийин ал соолугуп баштап, учак менен учпай турганын түшүнгөндөн кийин дипломаттарыбыз аны башка шаардагы жатаканага жеткирилген.
Мыйзамда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн этика кодекси бар. Ага ылайык, кызматкерлерге адистик билими жана коррупцияга аралашпагандыгы жөнүндө талаптар коюлган. Мурун болсо мамлекеттик жооптуу кызматка дайындоодо кызматкердин жеке кулк мүнөзүнө чейин каралганын КР эмгек сиңирген юристи Эрмамат Кожокматов билдирди.
-Жогорку кызматка кадрлар төмөнкү кызматтан көтөрүлүп баргандар тандалып дайындалчу. Азыр кадр тандоо тартиби өзгөрүп, кесиптик этиканы сактабай калышты. Мамлекеттик кызматка кадрлардын 99,5 пайызы тааныш аркылуу келген.
Кыргызстанда аткаминерлердин элге кылган мамилесине көпчүлүк нааразы. Анткени кайрылууларга жооп бербей, кесиптикасын туура сактабайт. Бул тууралуу мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча эксперт Азамат Аттокуров билдирди.
-Чиновниктер өздөрүн алып жүрүү сапаттын жогорулатышы керек. Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин 80 пайызы кесиптик этикасын сактабайт. Каденовага мен жөлөкпул маселеси боюнча кайрылып, эч эле байланыша албай койгонмун. Министрликтин жөнөкөй кызматкери да орой мамиле кылышат.
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев аткаминерлердин этикасы боюнча маселесине көңүл бурулбай жатканын айтат.
— Ар бир кызматкердин иштөө ордун карап чыгуу зарыл. Айрымдар жумушка келип жумуш жасабай эле телефондо сүйлөшүү менен иш күнүн бүтүрөт. Бирок айлык бир күнгө толук эсептелип, чегерилүүдө. Ошол эле убакта этиканын сакталбай жатканына айлыктын аздыгы да себеп. Баардык жакты тазалаш керек.
Эске салсак, буга чейин бир катар аткаминерлер чет өлкөдө кесипттик этиканы сактагандар болгон. Айтсак, Мадания, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 2015-жылы Монголияда иш сапары учурунда спирт ичимдигин колдонуп, өзүн туура эмес алып жүргөнү айтылган. 2014-жылы Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкери Канатбек Шаршенбек Ташкенге аракты мыйзамсыз ташыды деп айыпталган.