Марал Радиосу

Аэропортто чыр салган Зууракан Каденова иштен алынды

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин аэропортто чыр салган орун басары Зууракан Каденова иштен алынды. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бүгүн, 22-сентябрда Каденова Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда отуруп чыр салган.

Анын айынан башка жүргүнчүлөр да учактан чыгарылып, учак эки саат кармалган.