Марал Радиосу

Ымыркайларды саткандарга жазаны күчөтүү сунушталды

Бишкекте балдарды уурдоо, мыйзамсыз негизде багып алуу сыяктуу көйгөйлөр тегерек столдо талкууланды. Белгилүү болгондой, өлкөдө баланы саткандар мыйзам боюнча эки жарым жылдан беш жылга чейин соттолот. Бирок бул мөөнөт аз экенин адисттер айтып, жазаны татаалдатуу керектигин билдиришти. Ошону менен бирге бала багып алуу тартибин да кыйындатуу сунуштары ортого коюлду. 

Жакында эле Бишкектин милициясы сегиз гинекологду ымыркай саткан деп айыптап колго түшүргөн. Алардын төртөө учурда тергөө абагында жатат. Бул факт коомчулук арасында резонанс жаратып, кыргызстандыктарды ойго салды.

Мындан улам наристени сатуу аракети балдарды уурдоо, мыйзамсыз негизде багып алуу сыяктуу көйгөйлөрдү күн тартибине чыгарды.

Бүгүнкү күндө кылмыш иши козголгон сегиз дарыгердин иши иликтенип жатканын ички иштер министрлигинин өкүлү Азиз Нурбеков тегерек столдо билдирди.

Кармалган гинекологдор жаңы төрөлгөн ымыркайды миң доллардан жогору суммага сатышкан. Тергөө ишинин жыйынтыгы чыкканда дагы маалымат берилет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин далилдөөчү медицина маселелери боюнча консультанты Бермет Барыктабасованын маалыматында,  Кыргызстанда балдарды сатуу менен алектенгендерге жумшак жаза каралган. Мыйзамда жогорудагы кылмышты жасагандар эки жарым жылдан беш жылга чейин соттолот экен.

-Бул жаза оор кылмыш кылгандарга туура келбейт. Жазалоо мөөнөтүн узартуу керек. Азыр дүйнө жүзүндө баланы сатууга каршы профилактика жүрүп жатат. Бизде 16 миң бала кароосуз, 11 миң өспүрүм балдар үйүндө. Бул өкүнүчтүү статистика.  Балдарыбыз башка жака которулуп, сатылууга дуушар болууда. Бала- бул жөн гана асырап алууга бере тургандай буюм эмес. Анын кийинки тагдырына байкоо жүргүзүү зарыл. Балким, аны багып алган ата-энеси органдарын сатууну ниет кылып жүрөт.

Эми Кыргызстанда бала асыроо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлбөйт. Бул боюнча эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Назгүл Чолумова кабарлады.

Анын маалыматында, өлкөдө 200 үй-бүлө балдарды асырап алуу үчүн кезекте турушат.

-Баланы асырап алуу үчүн онго жакын документти көрсөтүү талап кылынат. Айрымдар документтин санын кыскартууну сунуштап, суранышкан.  Бирок жөнөкөйлөштүрүлбөйт. Ким асырап алуучу? Бала каякта жашайт? Ушул маалыматтардын баарын министрлик билүүсү керек.

«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова өлкөдө жаш үй-бүлөлөргө жардам бере турган психологдор жок дейт.

Анын пикиринде, бүгүнкү күндө жаш үй-бүлөлөлөр психологдордун кеңешине муктаж. Анткени балдарын кантип чоңойтууну билбей, баш тартууга чейин барууда.

-Азыр эки жүз бала жаңы үй-бүлөгө берүүнүн алдында турат. Бирок социалдык өнүктүрүү министрлиги асыроого берилген балдардын канчасы кайра кайтарылганын билбейт.  Быйыл Орусияда кыргыз мигранттары баш тартып таштап кеткен алты бала өлкө алынып келген.

Адистердин маалыматы боюнча, өлкөдө 145 балдар мекемеси бар, алардын 33ү ата-энелер балдарын жашап, билим алуусу үчүн жайгаштырган интернат, 68и мамлекеттик балдар үйлөрү. Ал жакта тарбиялангандардын айрымдарынын атасы же апасы, ал тургай багып ала турган туугандары бар. Мыйзамга ылайык, тоголок жетимдерди гана асырап алууга болот. Ал эми Кыргызстанда алардын саны болгону 5 пайызды түзөт.

Exit mobile version