Марал Радиосу

Маматалиев: Өкмөт колдон келсе, чыгымдарды азайтсын

«Өкмөт ийкемдүү башкаруу структурасы болуп, колдон келсе чыгымдарын азайтуусу керек.» Мындай оюн мурдагы вице-премьер министр Абдырахман Маматалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн аппараты министрликтер арасындагы кайталанууларга анализ жүргүзүп турушу зарыл. Анын жыйынтыгына жараша өзгөртүүлөрдү жасайт.

«Ири стретегияларды ишке ашыруу үчүн айрым министрликтерди күчөтүү зарыл болушу мүмкүн. Бирок башкаруучуга караганда аткаруучулар көп болушу керек. Колдон келсе, өкмөттүн түзүмүн, курамын азыраак алмаштырган оң. Анткени туруктуулук болсо, жакшы өнүгүү болот», — дейт Маматалиев.

Анын пикиринде, өкмөткө кесипкөй, мамлекетчил, таза иштеген адамдар келиши керек. Кээде тармактан алыс адамдар кызматка сунушталып калууда.