Марал Радиосу

Исабеков: Сапар Исаков менен тууган болуп калганым тагдыр

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков менен тууган болуп калганым тагдыр. Бул боюнча мени эч ким күнөөлөй албайт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин III жана IV чакырылыштарынын депутаты Кубанычбек Исабеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Сапар кайненемдин бир тууганынын баласы. Исабек Исаков деген белгилүү жазуучунун туугандары болот. Сапардын ата-энеси чакырса Кочкорго чейин барып, азыркыга чейин катышам. Бирок мен кызматтан кеткенден кийин бул инибиз катышпай калган. Сапар Исаков Атамбаевге берилген жигиттердин бири эле», — дейт Исабеков.

Маалыматка ылайык, Исабеков Жогорку Кеңеште иштеп турганда Сапар Исаков айрым маселелер боюнча кайрылып, көйгөйлөрүн айтып турган.