Марал Радиосу

Жунушалиев: Бала сатуу фактысы боюнча 5 адам жоопко тартылды

Бала сатуу фактысы боюнча учурда 5 адам жоопко тартылды. Бул боюнча Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ар бир кылмыштын кызыкчылыктары болот. Ага ылайык, тергөөнү мыйзамдуу түрдө аягына чыгаруу үчүн айрым маалыматтар жарыяланбайт.

Эске салсак, 7-сентябрда Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун биринде иштеген гинекологдор бала сатууга шектелип кармалган.