Марал Радиосу

Жунушалиев: Эгизбаевдин өлүмү боюнча козголгон иш каралып жатат

Журналист Улан Эгизбаевдин өлүмү боюнча «Акун» пансионатынын жетекчисине жана куткаруучуларга кылмыш иши козголуп, иш алынып барылууда. Бул боюнча Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Буга чейин Эгизбаевдин өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыккан. Ага ылайык, анын өлүмүнө сууга чөккөндүгү себеп болгон.

Журналисттин ашказанында эч кандай уулануунун белгилери болгон эмес. Ал эми бутундагы так каза болгондон кийин пайда болгону аныкталган.

Эске салсак, 22-июлда журналист Уланбек Эгизбаев “Акун” пансионатында көлгө чөгүп каза болгон.