Марал Радиосу

Республикалык инфекциялык ооруканага 130 койкалуу имарат курулат

Республикалык инфекциялык ооруканага 130 койкалуу имарат курулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бейтапкана Түштүк Кореянын каражатына салынат. Заманбап имараттын курулушу менен республикалык инфекциялык ооруканадагы кезек күтүүлөр азаят.

«Эл көп аймактарда медициналык борборлорду көбөйтүүнү пландап жатабыз. Ооруканаларда электрондук кезек түзүүнүн үстүнөн дагы иштер жүрүүдө. Пилоттук долбоорду 2 же 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна киргизебиз. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинде иштегендердин барында жеке клиникалары бар дегенге кошулбайм», — дейт Каратаев.

Ал буга кошумча, фельдшер-акушердик пункттарды курууда бирдиктүү норма киргизилгенин белгиледи.