Марал Радиосу

Акматова: Мектептерде кошумча сабактын баасы 35 сомдон ашпашы керек

Мектептерде кошумча сабактардын баасы 35 сомдон ашпашы керек. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкаралыгынын бөлүм башчысы Гүлмира Акматова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мындай сабактар ата-энелердин арызы менен коюлат. Борбор калаада 13 мектепте кошумча сабак өтүлөт.

Бишкектеги мекеттердин ата-энелери төлөмдөрүн банк аркылуу төлөшөт. Мектеп жетекчилиги төлөмдөрдүн сарпталуусу боюнча ата-энелерге отчёт берип турушу зарыл.

«Бардык ата-энелерден каражат түшпөйт. Алардын 30 пайызы гана төлөмдөрдү төлөшөт. Чогултулган каражат мекеменин техникалык кызматкерлерине, кароолчуга төлөнөт. Ал эми мектептин футбол аянтчасынын ижарасынан түшкөн каражат мекеменин казынасына түшөт», — дейт Акматова.

Маалыматка ылайык, окуу жылынын соңунда ар бир мектепке 12 багыт боюнча баалоо жүргүзүлөт. Былтыр 20 мектеп төмөн баа менен өтүп, ал мекемелердин директорлоруна сөгүш жарыяланган.

Мындан сырткраы, 2 мектеп аккредитациядан өтпөй калган. Алардын жетекчилери өз арызы менен жумуштан кетишкен.