Марал Радиосу

Өзбекстанда нан эки эсе кымбаттады

Өзбекстанда нан 650 сумдан (5,7 сом) 1200 сумга (10,5 сом) кымбаттады. Бул тууралуу өзбекстандык жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, 15-сентябрдан тарта мамлекет нандын баасын жөнгө салууну токтотууда. Буга байланыштуу эми нан эркин базар баасында сатылып баштайт. Өзбекстанда 2014-жылдан бери нандын баасы кымбаттаган эмес.

Салыштыра кетсек, Кыргызстанда бир нандын баасы 15 сомдон жогору.