Марал Радиосу

Бишкекте онунчу кабаттан кулап кеткен жаран аман калды

Бишкек шаарындагы Көк-Жар кичи районунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 10-кабатынан 33 жаштагы киши кулап кетти. Окуя кечээ, 15-сентябрда болгонун күбөлөр билдирди.

Маалыматка ылайык,  1985-жылы туулган эркек адам 30 метр бийиктиктен кулап, 1-кабаттын бастырмасына түшүп, тирүү калган. Учурда ал ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Кийинчерээк бийиктиктен кулаган адам куруучу эмес болгону, ал досуна жардам берүү үчүн келгени аныкталган. Бул факты Октябрь РИИБге катталып, милиция кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Exit mobile version