Марал Радиосу

Бюрократия – бала сатууга бир себеп

Төрөт үйүндө бала сатуу фактысы катталып, кылмыш иши козголду. ИИМ тергөө кызыкчылыгы үчүн окуянын чоо-жайын, шектүүлөр боюнча маалымат айта элек. Ал эми айрым массалык маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып, божомолдорду айтышууда. Албетте, бул окуя мурда көтөрүлүп, бирок чечилбей калып кеткен айрым ата-энелердин жарасын козгоду. Биз да азыркы күнгө чейин балам сатылып кеткен деген күмөн ойлор менен жашаган ата-энелер менен сүйлөшүп, бала сатуу кылмышына кайсы факторлор себеп болуп жатканын иликтеп көрдүк.

Жакында эле Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринде бала уурдоо боюнча маалыматтар тарап, коомчулукта кызуу талкууга алынды. Ички иштер министрлиги бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жаткандыгын кабарлап, кайсы төрөт үйүндө болгон окуя экендиги тергөө кызыкчылыгы үчүн айтылбай тургандыгын маалымдады. Ал эми айрым маалымат булактары болсо өздүк булактарына таянып, бул 2016-жылы болгон окуя экендигин жазса, айрымдар мунун башында чет элдик жарандар тургандыгын айтып чыгышты.

Кыргызстанда төрөт үйүндө бала уурдоо боюнча катталган бул алгачкы факты эмес. Азыр тергелип жаткан иш өткөн жылы эгиз кыз төрөлөт деп күтүп, бирок операциядан соң бир гана кыздуу болгонун билген Данияр Чыбыевдин жарасын козгоду. Арадан 1 жыл өтсө да кызы бир үй-бүлөдө жүгөнүн сезип, аны табарынан үмүтүн үзбөй келет. Азыркы күнгө чейин Балыкчынын укук коргоо органдарынын эшигин каккылап, адилеттүүлүктү издеп жатат.

Келинчегим төрөгөнгө чейин  көп жолу текшерилип, УЗИге да түшкөн. Дарыгерлер да өздөрү эгиз төрөткөнгө даярданышкан. УЗИнин баарында эгиз деп турат. Баары бар. Биз азыркы күнгө чейин эгиз деп билебиз. Күнүнө жок дегенде бир жолу ошол кызыбызды сүйлөшөбүз. Балким, келинчегим өзү ичинен ойлонот, а мен ага көрсөтпөй…

Эми окуяга кеңири токтололу. 2017-жылы Балыкчы шаарынын тургуну Данияр Чыбыев жубайы эгиз төрөйт деп күтүп жүргөн. Анткени жубайы Махабат Намазбекова төрөткө чейин түшкөн УЗИлердин 8инде тең эгиз кыз деп көрсөткөнүн айткан. Отуз экинчи жумасындагы көрсөтмөдө да эгиз деп жазылган. Орточо эсеп менен бул ымыркай 7 айлык дегенди билдирет жана бул убакыттагы жыйынтык так болорун дарыгерлер да белгилеп келишет. Төрөт 6-июнь күнү болуп, жубайы операция жолу менен төрөгөн. Бирок УЗИден улам үмүттөнгөн ата-энеге ак халатчандар жалгыз эле ымыркайды тапшырган. Ошол учурдан бери Чыбыевде “негизи ымыркайлар эгиз болгон, анын бирин ак халатчандар башкага берип ийди” деген күмөн ой түгөнбөй келет.

Операция жолу менен төрөлгөн ымыркайларды атасынын төшүнө жаткырышат. Анда эки бөлмөлүү төрөткананын тышкысына атасы, ичкисине эне жаткырылат. Бирок бул окуяда Чыбыевди дарыгерлер жубайы орун алган бөлмөнүн сырткысына эмес андан алысыраакта, тагыраагы, 3-4 эшик ыраактагы бөлмөгө жаткырышкан. Төрөттөн кийин жалгыз ымыркайды алып келип, анын төшүнө жаткырышкан. Бирок эгиз бөбөктү эңсеген ата нес болуп, ага деле маани бербей калган.

9:06 же 9:07 чамасында келинчегим төрөдү. Кызды алып келип төшүмө жаткырышты. Анан эле кайненем менен таежеси келип бирөө кана деп таң калышты. Алар барып эле жанагы кийинки эшикти ача калышат. Ачса 3 аял (жарандык кийимчен), бир келин, анан бир ымыркай бар экен. Менин таң калганым эмнеге мени ал жерге жаткырган эмес, а аларга боло берет. Ошондой суроону берсем ал жакта эч ким жок болчу деп танып коюшту. Анын үстүнө ошол күнү эрте менен операция жолу менен менин гана келинчегим төрөгөн. А анда тиги аялдардын колундагы ымыркай кайдан келди, кимдики?

Бирок, Саламаттыкты сактоо министрлиги бул факты боюнча атайын топ түзүлүп, кызматтык териштирүү жүргөнүн белгилейт. Башкы акушер-гинеколог Раиса Асылбашева ата-эне айтып жаткан дооматтарды четке кагып, эне бир эле бала төрөгөнүн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы көрсөткөнүн айтат. Анын айтканына ишенсек, УЗИде жаңылыштыктар болушу мүмкүн.

Ал боюнча кызматтык териштирүү болгон. Мында УЗИ адистерден жаңылыштык кеткен. Башында бир эле бала деп көрсөтүлгөн. Кийин курсактагы бала чоңойгондон кийин бирөө эгиз деп көрүп алып, ошол бойдон эгиз деп кийинкилери да жазып койгон. УЗИден чагылыш болуп бир бала экөө көрүнүп калышы мүмкүн.

Бирок Данияр мырза үй-бүлөсү менен кызын издөөнү токтото элек. Анткени министрликтин чыгарган бүтүмүнө ишенбейт. Себеби териштирүү болуп жаткан кезде дарыгерлер, УЗИге тарткан ошол адистердин айрымдары ага ишти жабуу үчүн акча сунуштаган.

Ошол учурда мэрияда да чогулуш болгон. Ошондо баары келген. Мага айрым УЗИ адистер акча сунушташкан. Аялым ачууланып, урушуп кеткен. Эгерде кырдаал ушундай абалга келерин билгенимде акчасын алууга макул болуп, баарын камерага тартып алмакмын. Мен мындай болорун кайдан билейин.

Данияр Чыбыев акыйкат үчүн да акча керек экен деп, чарчаган. Бирок кызы үчүн баарына даярмын деп, дале болсо акыйкат издеп жүргөн кези…

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2007-жылдан бери “Адам сатуу” беренеси боюнча 117 кылмыш иши козголгон. Бирок алар наристе, өспүрүм деп бөлүнбөй жалпы эле бир катталганы да кызык экен. 2017-жылы болсо бала уурдоо боюнча 4 факты бар. Мекеменин басма сөз кызматынан Бакыт Сейитовдун айтымында акыркы катталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

-Адам сатуу беренеси менен 2007-жылдан бери 117 ар кандай факт катталган. Алардын баарына кылмыш иши козголгон. Айрымдары сотко жетсе, айрымдары кыскартылган. Булар өспүрүмдөр, балдар деп бөлүнбөй жалпы жонунан эсептелген.

Бала сатууга түрткү болгон бир канча факторду саноого болот. Алардын бири бала асырап алуудагы бюрократиялык көрүнүштөр. Анткени баланы мыйзамдуу түрдө асырап алуу сот аркылуу чечилип, ондогон эшикти каккылап, кагаздарды толтуруу түйшүгү аз келгенсип, жылдап кезек күтүү керек. Экс-вице премьер-министр Дамира Ниязалиева анын үстүнө кыргызда бала багып алууда эч ким билбесин деген түшүнүктү кармангандар үчүн асырап алуудан көрө төрөт бөлүмдөрүнөн сатып алууну эп көрүшөт дейт.

-Баланы асыроо эрежелери өтө чоң бюрократиялык тоскоолдуктарды жаратат. Сот аркылуу 6 айдан 1 жылга чейин созула турган процесс. Анын үстүнө биздин менталитетте эч ким билбесин деген түшүнүк бар. Ал эми мынтип жылдап кагаз толтуруп жүрсө кантип эч ким билбей калмак. Ошондуктан, аларга оңой жолу дарыгерлер менен сүйлөшүп алуу болуп жатпайбы.

Жаңы төрөлгөн ымыркайларды жөнөкөй эле жалпы дептерге, болгондо да колдо эле жазып каттап коюшат. Чыбыевдин наристеси  да ушундай эле жол менен каттоого алынган. Мурдагы министр Талантбек Батыралиев да баланы төрөт үйлөрүнөн оңой олтоң сатылып кетүүсүнө ушул ыкма себеп деп белгилейт. Кыргызстандагы бала сатуу фактылары катталганын тана албаган Талантбек Батыралиев эгер бул система электрондоштурулбаса, оңой эле тизмени өзгөртүп алуу уланып, мындай көрүнүштөр кайталанышы мүмкүн дейт.

Система өзгөргүсү келбей жатат. Дарыгерлер да, жетекчилер да, эл деле ушул жолдон чыккысы келебей жатат. Азыр эми айтылып жаткан фактыларга таянсак, мындай окуялардын болушуна каттоодо кол менен жазууну айтат элем. Анткени бала төрөлгөндө кол менен жазылса, толтурулса аны оңдоп кою оңой да. А электрондук түрдө болгондо эч ким аны өзгөртө алмак эмес. Чет өлкөлөрдө да мындай көрүнүштөр бар. Бирок алар ушундай ыкмалар менен минималдаштырып жатышат.

Ички иштер министрлигин берген маалыматы боюнча балдарды сатуу фактысы дээрлик бардык облустарда катталганы менен, Чүй облусу жана Бишкек шаарында көбүрөөк кездешет. ЖМКларда чыккан маалыматтарга кайрыла турган болсок, 2015-жылы сентябрь айында Жети-Өгүз районунун тургуну Орусиянын жаранына ымыркайды 50 миң сомго сатканы тууралуу маалыматтар чыккан.Ошол эле жылдын август айында болсо, аялы Орусияга иштегени кеткенинен пайдаланып, баласын саткан ата боюнча маалымат жарыяланган. Июнь айынын аягында Ошто 4 айлык баланы 20 миң сомго сатууга аракет кылгандар кармалып кылмыш иши козголгон.

Ал эми 2016-жылы Чүй облусунда жаңы төрөлгөн баласын 20 миң сомго сатууга аракет кылган. Ал боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол жылдын сентябрь айында Сокулук районунун тургуну аялы балдарын сатып жибергенин айтып арыз жазган. Маалыматта эки баласынн 80 миңге, ал эми жаңы төрөлгөн кызын акушерлерге 2 миң сомго сатканы жазылат.

Февраль айында болсо жаңы төрөлгөн баласын 20 миң сомго саткан эне боюнча маалыматтар тараган. Массалык маалымат каражаттары бала сатуу боюнча бир эмес бир канча фактыны жарыялап, коомчулукта кызуу талкууланганы менен төрөт үйлөрүндө реформа жасалбай жатканы таң калычтуу.

Exit mobile version