Кыргызстанда Көчмөндөрдүн III дүйнөлүк оюну башталды. Анын ачылыш аземи 2-сентябрда Ысык-Көлдө болду.
Сооронбай Жээнбеков көчмөндөрдү даңазалады
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 66 өлкөдөн жана Орусиянын 11 субъектисинен 1556 спортчу катышууда. Негизи бул оюндарга катышуу үчүн жалпы жонунан 82 өлкөнүн 2500 спортчусу электрондук каттоодон өткөн.
Көчмөндөрдүн III дүйнөлүк оюндарын президент Сооронбай Жээнбеков 2-сентябрда Ысык-Көлдө расмий ачып, көчмөндөрдүн дүйнөдөгү орду тууралуу буларга токтолду.
— Бүгүн дүйнөдөгү саясий, экономикалык, экологиялык жана маданий процесстердин темпи тездеди. Технологиялар ыкчамдык менен өзгөрүүдө.Бул көрүнүштөр адамзаттын алдында жетишкендиктер менен катар жаңы көйгөйлөрдү жаратты. Ушундай шартта көчмөн элдердин дөөлөтүн, мурасын, каада-салтын жандандыруу — зор мааниге ээ. Ал дүйнө элдеринин ынтымагын бекемдеп, гуманизмдин идеалдарын жайылтууга, табиятка, адам коомуна болгон мамилени өзгөртүүгө негиз боло алат.
Бактуу-Долоноту ат майданында болгон көчмөндөрдүн оюнунун ачылышына Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Татарстандын президенти Рустам Минниханов, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Фуджейра Эмиратынын канзаадасы Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки катышты.
Сооронбай Жээнбеков учурда көчмөндөр түпкү маданиятына кайрылып, андан руханий энергия алууга муктаж экенин айтып, «III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маңызы — спорт, маданият жана билим!», — деп атады. Ошондой эле көчмөндөрдүн цивилизациясына дагы токтолду.
— Көчмөндөр цивилизациясы — дээрлик миңдеген жылдык тарыхты камтыйт. Тынч океандан тартып Европага чейинки аймакты, Борбордук жана Чыгыш Азияны, Кичи Азияны жана Жакынкы Чыгышты бириктирген улуу мурас. Мындай мейкиндикти көчмөндөр гана өздөштүрө алган. Көчмөн дүйнөсү жүздөгөн элдерди бириктирет. Алардын маданияты, дүйнө таанымы кайталангыс өзгөчөлүккө ээ. Көчмөндөр цивилизациясы — дүйнөлүк өнүгүү процессинде чоң вазийпа аткарган. Батыш менен Чыгыш маданиятын ширетип, адамзаттык тарыхта дүйнөнү өзгөрткөн, жаңылануу нугуна бурган. Көчмөн маданияты — адам менен табияттын жуурулуп жашоосун өзгөчө баалуулукка айланткан. Көчмөндөрдүн башкы философиясы — материалдык жана руханий тең салмактуулукта болуунун маңызын көрсөтөт.
Элдер эмне дейт?
Этнооюндардын ачылыш салтанатын Алтынбек Максүтов баш болгон режиссерлор тобу даярдаган. Анда ат оюндары көрсөтүлүп, Манас айтылып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрү жаңырды. Бул иш-чара жыйынтыкталгандан кийин биз элдердин пикирлерин угуп көрдүк.
— «Манас» эпосу боюнча аябагандай кеңири түшүнүк болду. Бул эпосту ааламдагы акылдын кенчи экенин дагы бир жолу көрсөттү. Көчмөндөр оюндары бизде 3-жолу өтүп жатат. Менин жеке сунушум эми бул оюнду Көлдө гана эмес Нарында дагы, Ошто дагы, Баткенде дагы өткөрсө деген ой.
— Көчмөндөр оюну Кыргызстанды жер-суунун баарына таанытып жатат. Быйылкы IIIДүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышы жакшы болду.
Эми жалпы эле Көчмөндөр оюндарын уюштуруу маселесине келсек. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматында бул оюндарды өткөрүүгө бюджеттен 303 млн сом каралган. Ошондой эле демөөрчүлөрдөн 155 млн сом чогултулган. Ал эми IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтмөй болду. Анын статусун жогорулатуу боюнча документ даярдалып жатканы дагы айтылды.
— Саммитте Көчмөндөр оюндары боюнча сөз болот. Кудай буюрса Көчмөндөр оюнунун статусун жогорулатуу боюнча атайын документтер даярдалып жатат. Эгер кабыл алынып калса бул боюнча дагы иштер жүрөт.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча сандар
2016-жылы болгон II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун 25 түрү боюнча дүйнөнүн 62 өлкөсүнөн 1200дөй спортчу күч сынашкан. Быйыл спорттун 37 түрүнөн 600гө жакын медаль ойнотулат. Анын ичинен 174ү алтын, 173ү күмүш, 247и коло медаль. Мелдештин жалпы байге фонду 28 миллион сом. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов жаңы кошулган спорттун түрлөрү тууралуу маалымат берди.
— Биз быйыл тажик күрөшүн, корейлердин, моңголдордун күрөштөрүн коштук. Алар өзүлөрү суранып, кошуп коюубузду өтүнүштү. Биз мындай сунуштарга жабык болбой, макул деп аларды дагы коштук.
Спортчулардын саны боюнча Кыргызстан биринчи орунда турат. Андан соң Түркменстан, Казакстан өлкөлөрү бар. Бул жолку көчмөндөр оюндарын чагылдырууга 58 өлкөдөн 500дөн ашык чет элдик журналисттер келишти. Ал эми жергиликтүү 70 ММКнан 700дөн ашык журналист иштеп жатат.
Этностук спорт түрлөрү боюнча уюштурулуучу эл аралык мелдешти өткөрүү демилгеси 2012-жылы Түрк Кеңешинин саммитинде экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан көтөрүлүп, 2014-жылы тарыхта биринчи ирет Кыргызстанда көчмөндөр оюндары өткөрүлгөн. 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дагы Кыргызстанда болгон.