Марал Радиосу

Атамбаевдин небереси шахмат боюнча турнирде алтын медаль тагынды

Кыргызстандык шахматчы Селим Атамбаев Бириккен Араб Эмирлигинде өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу шахмат федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 8-14-август күндөрү Абу-Даби шаарында өткөрүлгөн. Ага Кыргызстандан 9 жаштагы Селим Атамбаев катышкан. Ал 10 жашка чейинки спортчулар арасындагы мелдеште күч сынашып, 9 оюндун жүрүшүндө 5 жолу жеңишке жетип, 2 жолу атаандашы менен тең чыккан. Натыйжада ал 6 упайга ээ болуп, алтын медалга жана 500 доллар акчалай сыйлыкка ээ болгон.

Белгилей кетсек, Селим мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин небереси.