Марал Радиосу

Кыргызстандын футбол курамасы дүйнөлүк рейтингде 92-орунду сактап калды

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы дүйнөлүк рейтингде 92-орунду сактап калды. Бул тууралуу эл аралык футбол федерациясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, жаңы тизме бүгүн, 16-августта жарыяланган. Кыргыз курамасы май айында дүйнөлүк рейтингде 75-орунга чыккан болчу.

Жаңы тизмеде айдын мыкты командасы деп Орусия курамасы табылды. Алар 21 тепкичке көтөрүлүп 49-орунга жайгашты. Ал эми эң начар көрсөткүчтү Египет курамасы көрсөтүп, 20 баскычка түшүп 65-орунга жайгашты.

2019-жылы орун алуучу Азия биринчилигиндеги Кыргыз курамасынын каршылаштары: Түштүк Корея 57, Кытай 75 жана Филиппин курамасы 115-орундарга жайгашты.