Марал Радиосу

Милициянын борбордук аппаратындагы кызматкерлердин саны кыскартылды

Ички иштер министрлигинин борбордук аппараты 625 кызматкерге кыскарды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта министрликтин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сейитов билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн аймактарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү максатында ИИМдин борбордук аппаратынын штаттык эсебин оптимизациялоо жүргүзүлдү. Жогоруда аталган аппараттын 625 штаттык бирдиги райондук, шаардык милиция бөлүмдөрүнө жана айылдык милициянын бөлүмчөлөрүн бекемдөөгө берилди. Анын ичинен 34ү — жетектөөчү кызматтык орундар. Аймактардагы мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен, 100 штаттык орун аймактык тескөөчүлөрдү түзүүгө, 25 штаттык бирдик жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү тескөөчүлөргө, 45 орун нөөмөт бөлүктөрүн чыңдоого берилет.

Ошондой эле ИИМдин тергөө кызматынын курамындагы анча оор эмес кылмыштарды тергөө бөлүгү түзүлүп жаткандыгына байланыштуу 255 штаттык орун аталган кызматка берилет.