Марал Радиосу

Алып баруучу Салтанат Саматова акыркы сапарга узатылды

Белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова акыркы сапарга узатылды. Бүгүн, 16-августта КТРКнын имаратынын алдында маркум менен коштошуу үчүн туугандары, жакындары жана кесиптештери чогулду.

Эске салсак, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Салтанат Саматова узакка созулган оорудан кийин көз жумду. Ал 2011-жылдан тарта рак оорусу менен күрөшүп келген.

Алып баруучу 46 жашта болчу, артында эки баласы калды.

Салтанат Саматова1972-жылы 1-мартта Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылында туулган.

1990-жылы Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектебинин фортепьяно классын аяктаган.

Андан соң 1991-жылдан 1995-жылга чейин Салтанат Саматова (Түгөлбаева) И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка факультетинде окуган.

Салтанат Саматова эмгек ишмердигин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 1995-1996-жылы окутуучу катары баштаган.