Марал Радиосу

Аскердик тартипти бузган үч офицер бир айга камалды

Аскердик тартип бузууга барган Кой-Таштагы №73809 аскердик бөлүктөгү үч офицер бир айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

14-августта аларга айып тагылып, бөгөт чарасы каралган.

Буга чейин Кой-Таш аскер бөлүгүнүн «Ала-Тоо» полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери арыз менен кайрылган. Алар жетекчилик быйыл жазында армияга чакырылган жигиттерди башка бирөөлөргө жалдап бергенин, ур-токмокко алып уставга жат иштерге барганын билдиришкен.

Учурда жоокерлердин бири Бишкектеги республикалык психикалык саламаттык борборунда дарыланууда. Бишкек аскер прокуратурасы окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Көп өтпөй Кой-Таш аскер бөлүгүнүн командири Болот Көчкөнов кызматтан алынып, иликтөө жүрүп жатканы кабарланган.

Бул окуяга президент Сооронбай Жээнбеков көңүл буруп, аскерлерди кыйноого алган окуяны тыкыр иликтөөнү тапшырган.