Марал Радиосу

Акенеевдин сөөгү 17-августта жерге берилет

Экономист, Жумакадыр Акенеевдин сөөгү 17-августта “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.  Анын тажыясы Бишкектеги Айтматов көчөсүндөгү үйүндө өтмөкчү.

Эске салсак, экономика илимдеринин доктору, профессор Акенеев 64 жашында дүйнө салды.  Ал 1993 — 1997-жылдары Улуттук статистикалык комитетин, 1997 — 1998-жылдары Айыл жана суу чарба министрлик кызматын аркалаган.

Анын артында үч уул, эки кыз калды.