Марал Радиосу

Балдардын башын айланткан Momo «мокочосу»

Коңшулаш өлкөлөрдүн укук коргоо органдары жана массалык маалымат каражаттары интернет айдыңында өспүрүмдөрдүн психологиясына терс таасир эте турган оюн чыккандыгы жөнүндө жазып, алдын алууну эскертишүүдө. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги да интернетте бат жайылып кетүү коркунучу бар болгон “МОМО” деген оюндан балдарды оолак кылып, түшүндүрүүнү эскертет. Whatsapp кат алмашуу тиркемеси аркылуу ишке ашкан бул оюндун аватары пайда болгон учурда чектеп коюу зарыл.

Өткөн 2017-жылы интернетте “Көк кит” аттуу оюн пайда болуп, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Анткени Орусияда пайда болгон бул оюн аркылуу өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган өспүрүмдөр жөнүндө Орусиянын массалык маалымат каражаттары байма-бай жазышкан. Эми дал ушундай өспүрүмдөрдүн психологиясына терс таасирин тийгизе турган оюн пайда болгондугун Орто Азия өлкөлөрүнүн массалык маалымат каражаттары менен укук коргоочулары кулак кагыш кылышууда. Аталган оюнда Whatsapp тиркемеси аркылуу жазып, коркутууга өтөт. Мындан улам вотсап тиркемеде анын башкы сүрөтү чыкса укук коргоо органдары аны чектеп коюуну сунушташат. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан Эрнист Осмонбаев билдирди.

-МОМО оюну вотсап аркылуу жайылат. Анын аватарында коркунучтуу кукланын сүрөтү бар. Эгер пайда болсо бөгөт коюп коюу зарыл.

Орусиянын массалык маалымат каражаттарынын жазганы боюнча оюнда башында турган киши өспүрүмдөргө ар кандай билдирүүлөрдү жазат, видео, аудио түрүндө билдирүүлөрдү жиберип, өспүрүмдөрдү суицидге үндөйт. Дал ушундай эле ыкманы “Көк китте” да колдонушкан. Өз учурунда Кыргызстанда да ар кандай кырдаалды алдын алуу максатында түз байланыш түзүлүп ага 250дөн ашык чалуулар түшкөн. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы балдар үчүн ишеним телефону борборунун директору Марина Жапаркулова айтат. Өз учурунда чалган ар бир ата-эне, өспүрүмдөргө психологиялык жардам көрсөтүлүп, номерин алмаштырууну сунушташкан.

Эң биринчиден балага абдан көз салыш керек. Ал дайымкыдай элеби же өзгөрдүбү? Уйкусу кандай? Тамактануусу кандай? Айткан сөздү көтөрө алабы? Аны менен маектешүү керек. Жашоосунда эмне болуп жатканын сурап, байланышта болуу зарыл.

Психологдордун айтымында, мындай виртуалдык оюндун капканына өзүнө-өзү ишенбеген, көз каранды болгон, өз алдынча ой жүгүртүүдөн корккон балдар түшөт. Ошондуктан психолог Айканыш Чониева бул оюн боюнча көп сөз кылып, баланын кайра кызыгуусун арттыруудан этият болуу керектигин белгилейт. Негизи эле балдарды интернетке көз карандуулук оорусунан сактоо үчүн аны кошумча иш менен алектендирүүнү сунуштайт.

Шаарда көп кабаттуу үйлөрдө жашаган бала албетте зеригет. Ошондуктан аны ар кандай нерсе менен алектендириш керек. Анткени бош отурган бала кааласа, каалабаса да интернетке кирип, ашыкча нерсеге да көңүл буруп, психологиясы бузулат, виртуалдык оюндардын курмандыгы болуу коркунучу жогору. Ошондуктан, ага алектене турган нерсени ата-энеси эмес, экөө биргеликте тандап, чогу иштөөнү сунуштайм.

Бирок замандын талабына жараша учурда балдарды такыр эле интернеттен чектеп коюуга да болбой тургандыгын адистер айтышат. Ошондуктан, интернетке кирүү убактысын белгилеп коюу керек. Ал эми компьтердеги жеке маалыматтарды атайы программалар аркылуу сактап коюуга болорун адистер айтышат. IT тармагындагы адис Канагат Алышпаев бул оюндардын маалыматты уурдоо жагынан эч кандай коркунучу жок экенин эскертет. Ошентсе да интернет аркылуу ар кандай жеке маалыматтын коопсуздугун сактоо боюнча атайын жолдорду төмөндөгүчө түшүндүрдү.

IP адрести кантип сактоого болот? WPN аркылуу ал даректи жашырууга болот. Ошондой эле, https(security) аркылуу көрсөтпөй коюуга да болот.

Мурдагы “көк кит” оюнунда оюнду жүргүзүүчүнүн элестүү образы жок болсо, бул оюндун символу 2016-жылы япониялык айкелчинин коркунучтуулардын галлереясына койгон образынын сүрөтү. Дүйнөлүк массалык маалымат каражттарынын жазгандарына ылайык, Аргентинада жаш өспүрүм кыз дал ушул оюндун курмандыгы болгон деген божомол бар.

Exit mobile version