Марал Радиосу

Адис: Гепатиттин А түрү түштүктө көп катталууда

Кыргызстанда быйыл гепатиттин А түрү мурдагы жылдарга салыштырмалуу 21%га көбүрөөк катталууда. Адистердин айтымында, мындай көрүнүш ар 3 жылда бир кайталанып турат. Өзгөчө быйыл өлкөнүн түштүк аймагында басымдуулук кылууда. Ичеги-карын оорусу катары эсептелген бул дартка көбүнчө жаш балдар кабылат. 

Быйыл өлкө аймагында гепатиттин А түрү 21%га көбүрөөк катталууда. Буга таза суунун жоктугу себеп дешет адистер. Мезгилге жараша козголгон бул ооруга көбүнчө жаш балдар кабылып жатат. Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө департаментинин гепатит боюнча жетектөөчү адиси Султан Суранбаев бул оору өзгөчө түштүк аймакта басымдуулук кылып жаткандыгын айтып берди.

-Өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу бул алты айдын ичинде 21, 5% көбүрөөк катталды. Сандар менен айта турган болсок, быйыл 3 миң 754 учур катталса, былтыр 3 миң 32 учур катталган. Бул оорунун А түрү ар 3-5 жылда ушундай көрсөткүчкө жетип турат. Быйыл түштүктө басымдуулук кылып жатат.

Көбүнчө жаш балдар ооруган бул оору августтун башы, күз айларында жогорку көрсөткүчкө жетет. “Айрыкча бул мезгилде балдар эс алган лагерлерден, бала бакчадан, окуу башталган учурда мектептен жугузуп келишет”,- дейт Республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасынын бөлүм башчысы Чолпон Идирисова. Анын айтымында, учурда 21 бейтап гепатиттин А түрү менен ооруканага жаткырылган.

Август, сентябрь, октябрь, ноябрдын башы көбөйөт. Учурда бизде жалпы гепатит боюнча 22 бейтап жатат. Анын ичинен 21и гепатит А, бирөө гепатиттин В түрү менен. А түрү менен ооругандардын 15и жаш балдар.

Негизи гепатит оорусу А, В, С, D жана Е түрүнө бөлүнөт. Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда гепаттиттин А түрү 90%ды түзөт. Бул оору кир колдун оорусу катары айтылып жүрөт. Медицина илимдеринин доктору, профессор Сапарбү Тобокалованын айтымында, сарыкты алдын алуу жолу эмдөө болуп саналат. Негизи гепатиттин  В түрүнө каршы балдар эмделет, бирок, А түрү календарлык эмдөөгө кирген эмес. Ошентсе да өз ыктыяры менен эмдетүүгө мүмкүн. Маселен, Грузия, Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдө гепатиттин А түрүнө да каршы балдар эмделгендиктен көрсөткүч 10дон ашпайт.

Гепатиттин А түрүнө мамлекеттик деңгээлде эмдөө жасалбайт. Календарлык эмдөөгө кирген эмес. Бул ооруну балдардын оорусу деп коёбуз. Балдар 14 жашка чейин оорушат. Биз мисалы таза сууну системалык түрдө камсыздап бере албасак, ар бир баланы карап көзөмөлдөй албасак, анда эң оптималдуу жолу-эмдөө. Бул эмдөө календарга кирбегени менен ар ким өз ыктыяры менен эмдетсе болот. Маселен, эмдөө жасалган Грузия, Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдө көрсөткүч 10 болсо, бизде миңдеп саналып жатпайбы.

Гепатиттин А түрүн алдын алуу үчүн санитардык нормаларды сактоо зарыл. Айрыкча, колду таза жууп, идиш-аякты, жашылча-жемиштерди да таза кармоо зарыл.