Connect with us

Бишкектин Жал кичи районундагы гараждардын ордуна спорт комплекс курулат

Кыска кабар | 23 Ноя 2024 | 90 | 0

Бишкек шаарынын Жал кичи районунда жайгашкан №22 гараждык кооперативинин ордуна заманбап спорт комплекс курулат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, анда социалдык, маданий жана турмуш-тиричилик объектилери бар көп функционалдуу спорт комплекси, эки кабаттуу унаа токтотуучу жайы менен курулат.

22-ноябрда Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан Псковская көчөсү, 71 дарегинде уруксат берилбеген объектилерди демонтаждоо иштери башталган.

2024-жылдын 6-ноябрында гараждык кооперативдин төрагасына муниципалдык аймакты өз ыктыяры менен бошотуу жөнүндө кат жөнөтүлгөн.

12-ноябрда 250 гараждын пайдалануучуларына өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөр илинген.

Бирок 22-ноябрь күнү үй ээлери демонтажга тоскоолдук кылышкан. Учурда 10 гараж демонтаждалып бүткөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM