Биз менен байланышыңыз

Милиция: Токмокто аялын такай сабаган мурдагы аскер кызматкери кармалды

Кыска кабар | 29 Сен 2024 | 56 | 0
Интернеттен алынган сүрөт.

Токмокто аялын такай сабап жүргөн деген шек менен 30 жаштагы мурдагы аскер кызматкери камалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Чүй облустук милициясы окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Милицияга 21-сентябрда Токмок шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүндөгү батирлердин биринде күйөөсү аялын сабап жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

«Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки иликтөө башталган. Окуя болгон жерге барганда А.А. атуу 1996-жылы туулган келин арыз жазып, күйөөсү аны такай сабап, күн көсөтпөй келгенин айтып чара көрүүнү суранган. Ошол эле күнү ал Улуттук госпиталга кайрылып, анда мээси чайкалган деген диагноз коюлган. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. 28-сентябрда кылмыш иши козголуп, келиндин күйөөсү камакка алынды, тергөө уланып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучу ошол эле күнү Улуттук госпиталга кайрылып, баш мээси чайкалган деген диагноз коюлганы айтылды.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен иш козголуп, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM