Биз менен байланышыңыз

Жакында «Нарын» аэропортун ачуу пландалууда

Кыска кабар | 27 Сен 2024 | 81 | 0

Жакында «Нарын» аэропортун ачуу пландалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Аба майдандын төрагасы Манасбек Самидинов аэропорттун расмий ачылышына даярдыкты текшерип, инфраструктурага, учуп-конуу тилкесинин абалына жана коопсуздук системаларына баа берилип, эл аралык стандарттарга ылайыктуулугуна көңүл бурулду.

Нарын аэропорту алыскы региондор үчүн негизги транспорттук түйүн болгон советтик мезгилден бери узак тарыхка ээ. СССР тарагандан кийин анын активдүүлүгү төмөндөп, модернизацияга муктаж болуп калган.

«Нарындагы аэропортту жандандыруу Кыргызстандын аймактык авиациясын өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат. Бул аэропорттун калыбына келтирилиши жергиликтүү туризмди жана экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот. Башка региондор менен түз аба байланышын камсыз кылуу менен өлкөнүн транспорт системасынын олуттуу бөлүгүнө айланаары күтүлүүдө» , — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM