28-29-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде абанын температурасы 0…-2 градуска чейин төмөндөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка чейин суук болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн.
Үшүк мөмө-жемиштерге, жашылча, казылып алынган жана үстү жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн кооптуу.
Кыргызгидромет билдиргендей, 28-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.
Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр, түнкүсүн Ысык-Көлдүн батыш акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16,
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +16…+18 градус болот.