Connect with us

Мумбайда шамалдын айынан ири жарнак тактасы кулап, 8 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Май 2024 | 732 | 0

Индиянын Мумбай шаарында ири жарнак тактасы кулап, кеминде сегиз адам каза болуп, 60ка жакын адам жараат алды.

13-майда түштөн кийин шаарда жаан нөшөрлөп жаап, бороон каптаган. Гаткопаре районунда үйлөргө жана май куюучу жайга кулаган жарнак тактасы 70 метрден 50 метрге чейинки көлөмдө болгон.

Катуу шамал бак-дарактарды жулуп, жолдорду бузуп, электр жарыгын өчүрдү.

Окуя болгон жерден тартылган кадрларда жарнамалык структура шамалда солкулдап, андан кийин май куюучу жайда болгон курулуштарга, адамдарга жана унааларга кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

Бийлик куткаруу иштерине полиция, өрт өчүргүчтөр жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу топтору катышып жатканын билдирди.

Окуяга байланыштуу тергөө иштери башталды. Штаттын Өкмөтү каза болгондордун жана жараат алгандардын үй-бүлөлөрүнө 500 миң рупий (болжол менен 6 миң доллар) өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтүүнү убада кылды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, бороон учурунда Мумбай эл аралык аэропортунда каттамдар убактылуу токтотулду, учактардын бир бөлүгү запастык аэродромдорго жөнөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM