Connect with us

Акча жасоо менен алектенген кыргыз, казак жарандары кармалды (видео)

Кыска кабар | 15 Фев 2024 | 182 | 0

Акча жасоо менен алектенген Кыргызстандын, Казакстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Айтылган топко «Кыргызстан менен Казакстандын аймагында ири суммадагы долларларды жасап, өткөрүп келген» деген айып коюлган.

Маалым болгондой, шектүү топ жасалма долларларды «Оптима Банктын» терминалдары жана Бишкектеги акча алмаштыруу жайлары аркылуу «адалдап» келишкен.

Текшерүү учурунда аталган жайлардан 100 долларлык 45 миң даана купюра табылып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары Кыргызстандын жарандары З.Р.М., Г.Ш.Д., З.С.Т., Б.Р.И. жана Казакстандын жарандары Б.С.К., К.Б.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Айта кетсек, буга чейин Кыргызстандын Р.У.Э. аттуу жараны 50 миң жасалма долларды 20 миң долларга алмаштырууга аракет жасап жатканда кармалган. Учурда ал да тергөө абагында кармалып турат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM