Connect with us

Казакстанда мамлекеттик кызматкерлер казак тилин билүүгө милдеттүү

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2023 | 543 | 0

Казакстан Өкмөтү «2023-2029-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү» концепциясын бекитти. Ага ылайык, казак тили мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө негизги жумушчу тил болуп калат. Документтин тексти өкмөттүн сайтына жарыяланып, ага Республиканын премьер-министри Алихан Смаилов кол койгон.

«Концепцияны ишке ашыруунун жүрүшүндө мамлекеттик кызматкерлерди казак тилин билүүгө милдеттендирген талаптар иштелип чыгат. Ошол эле учурда мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү негизги жумушчу тил болуп мамлекеттик тил эсептелет», — деп айтылат документтин текстинде.

Концепцияда «КАЗТЕСТ» системасы боюнча казак тилин В2 деңгээлинде билген мамкызматкерлердин үлүшү 2029-жылы 50% түзүшү керектиги (2023-жылы бул үлүш 35% түзөт) да белгиленген.

Мамлекеттик органдарда жана улуттук компанияларда мамлекеттик тилде документ жүгүртүүнүн үлүшүн 2029 — жылы 94% га чейин (2023-жылы-91%) көбөйтүү пландаштырылууда.

Ошондой эле Казакстан бийлиги 2029-жылы мамлекеттик тилди билген калктын үлүшүн 84%га (2023 — жылы 81%), казак тилиндеги телепрограммалардын үлүшүн ошол эле жылга карата 84%га чейин (2023-жылы 70%) жана өлкөдө, чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн эл аралык иш-чараларда казак тилин колдонуунун үлүшүн 75%га чейин (2023-жылы 52%) көбөйтүүнү каалайт.

Буга байланыштуу чоңдор үчүн казак, орус, англис тилдери боюнча курстарды уюштуруу, балдар, өспүрүмдөр жана жаштар үчүн мамлекеттик тилде оюндар түрүндө окутуу программаларын иштеп чыгуу, документ жүгүртүүдөгү мамлекеттик тилдин үлүшүн жогорулатууга багытталган методикалык семинарларды уюштуруу пландаштырылууда.

Казакстан Конституциясынын 7-беренесине ылайык, казак тили мамлекеттик тил болуп эсептелет. Ошол эле учурда мамлекеттик уюмдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында орус тили расмий түрдө аны менен бирдей колдонулат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM