Connect with us

9-августка күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 8 Авг 2023 | 172 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 9- августта өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаашы ыктымал.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолу жерлнринде жана тоо этектеринде өткүн өтүп, жаан жаашы күтүлүүдө.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33;

Таласөр өрөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…22, күндүз +30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…16, күндүз +24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27 градус ысыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Күндүз  күн ачык болот.  Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +31…+33 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM