Connect with us

Аскарбеков: Саясий коррупцияны жок кылмайынча таза шайлоо өтпөйт (видео)

Кыска кабар | 13 Июл 2023 | 441 | 0

Өткөн шайлоонун жокко чыгарылышынан эч ким сабак алган жок. Сабакты качан гана добуш сатып алгандарды бери дегенде 30 млн сом конфискация менен 10 жылга камаганда гана талапкрлердин бир бөлүгү ойлонуп калмак. Мындай пикирин саясатчы Мавлян Аскарбеков билдирди.

«Мыйзамдар өзгөрбөгөндүктөн азыр деле акчасы бар талапкерлер добуш сатып алууну ойлонуп жатат. Буга чейинки өткөн шайлоодо бир эмес эки талапкер кармалды. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бир да камалган жок. Кыргызстандагы эң коркунучтуу адам — бул саясий коррупцияда жүргөн адам. Ал миллиондогон адамдардын тагдырын талкалап, бүтүндөй бир мамлекетти кыйроого алып келип жатат. Бул өтө коркунучтуу. Ошондуктан саясий коррупция оор беренелердин бирине теңелеиш керек. Аларды 10-15 жылга камоо азыркы замандын талабы. Буларды ушундай жол менен тазалаш керек», — деди Аскарбеков.

Аскарбековдун айтымында, бүгүнкү талапкерлер мамлекеттин бүтүндүгүн, өлкөнүн башка өлкөлөр менен болгон атаандаштыка туруктуулуктугун ойлобостон, жеке кызыкчылыктарын гана көздөшөт.

Ошондой эле ал саясий коррупцияны жок кылуу мамлекеттин пираритеттүү маселеси болуш керектигин кошумчалады. Анын баамында ошондо гана кийинки 5 жылдыкта өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM