Куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен 35524-аскер бөлүгүнүн контракт менен кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери каза болгон.
Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда. Аталган факт боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.