Connect with us

Кыргызстан менен Монголия кызматташтык жөнүндө декларацияга кол коюшту

Кыска кабар | 10 Июл 2023 | 187 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Монголияга болгон алгачкы мамлекеттик сапарынын алкагында өлкө лидерлери Кыргызстан менен Монголиянын достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө биргелешкен декларациясына кол коюшту. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Анда мамлекет башчылары Кыргызстан менен Монголиянын жана алардын элдеринин ортосундагы көп кылымдык бекем тарыхый жана маданий байланыштарды белгилеп, эки тараптуу мамилелерди мындан ары да кеңейтүү үчүн кеңири потенциалды жана саясий эркти ырасташты.

Тараптар 2014-жылы Бишкек шаарында Монголиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы, ошондой эле 2023-жылдын июлунда Улан-Батор шаарында Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы эки өлкөнүн мамилелерди жана кызматташтыкты жигердүү кеңейтүүгө умтулуусун ачык көрсөткөнүн белгилешти. Эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү саясий мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүгө, соода-экономикалык байланыштарды илгерилетүүгө, маданий жана гуманитардык алмашууларды бекемдөөгө көмөк көрсөтүүгө чакырылган.

Тараптар тынчтыкты, өнүгүүнү, тең укуктуулукту, адилеттүүлүктү жана эркиндикти камсыз кылуу маселелерине бирдей көз карашта болуп, өзөгү Бириккен Улуттар Уюму болгон эл аралык системаны биргеликте колдошот, БУУнун Уставында жана башка негизги эл аралык келишимдерде жана документтерде бекитилген эл аралык укук принциптерине жана нормаларына негизделген эл аралык тартипти карманышат.

Тараптар тоо күн тартиби маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана аны андан ары натыйжалуу ишке ашыруу максатында 2023-2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы» деп жарыялаган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын кабыл алынган «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун 2030-жылга чейинки мезгилге карата туруктуу өнүктүрүү боюнча Күн тартибин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жакырчылыкты кыскартуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана «жашыл өнүгүүнү» илгерилетүү жаатында практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришет.

Монгол тарап кыргыз тараптын 2016-жылы түзүлгөн «Азия автомобилдик жол тармагы боюнча эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга» кошулууга умтулуусун кубаттайт.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу жана андан ары кеңейтүү Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө, адамдар менен алмашууга, ошондой эле туристтик агымдын көбөйүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Тараптар илимий-техникалык кызматташтыкты ырааттуу түрдө бекемдеп, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, тажрыйба алмашууларды жүргүзүшөт.

Тараптар деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн соода, транзит жана транспорт маселелер жана башка соода маселелери боюнча аналитикалык потенциалды күчөтүүдөгү Эл аралык аналитикалык борбордун маанилүү ролун белгилешти.

Маданий жана тарыхый жалпылыкты эске алуу менен Тараптар кыргыз жана монгол элдеринин тарыхы жана маданияты, руханий жана материалдык мурастары боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Эки өлкөнүн элдерин жакындаштыруу, бири-биринин тарыхын жана маданиятын өз ара изилдөө максатында Тараптар эки мамлекеттин жогорку окуу жайларында кыргыз жана монгол тилдерин окутууну уюштурууга ниеттенишет.

Тараптар туризм тармагында кызматташууну жигерлентүүнү макулдашышты. Тараптардын өз ара туристтик иш-чараларга катышууга, туристтик агымдарды көбөйтүүгө, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн өз ара маалымат турларын колдоого кызыкдарлыгы белгиленди.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин өз ара кызыгууну жараткан маселелеринин бүтүндөй комплекси, эл аралык жана регионалдык күн тартиби боюнча жигердүү саясий диалогду улантууну макулдашышты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM