Connect with us

Баткенде ЖРТдан 100 упай алган бүтүрүүчүлөр бюджетте окушат

Кыска кабар | 7 Июл 2023 | 1227 | 0

Баткен облусунда Жалпы республикалык тестирлөөдөн 100 упай алган бүтүрүүчү бюджеттик негизде, 95 упай алганы келишимдик негизде жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдердин макулдашуусунун натыйжасында, билим берүү жана илим министринин «Баткен мамлекеттик университетинин абитуриенттери үчүн ЖРТнын босого баллын бекитүү жөнүндө» буйругу чыкты.
Ага ылайык, БатМУга 2023-2024-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууда гранттык негизде 100 упай, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына 95 упай бекитилди.
Бул жеңилдиктин максаты, акыркы эки жылда Баткен облусунун чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдын кесепеттерин эске алуу менен, мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.
Анткени 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү чек арада болгон окуядан кийин жабыр тарткан жарандар эвакуацияланып, окуучулар башка мектептерге окууга мажбур болгон болсо, Лейлек районун Максат орто мектеби, Баткен районунда Б.Ходжаев жана Достук орто мектептери күйүп, колдонууга жараксыз болгондуктан, окуучулар жыл бою онлайн режиминде окушту.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM