Connect with us

ИИМ: Психотроптук зат саткан 22 жаштагы жаран кармалды

Кыска кабар | 7 Июл 2023 | 245 | 0

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте 2001-жылы туулган О.Э. аттуу жарандан болжолуу салмактагы 6 кг болгон «мефедрон» психотроптук затын табышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, кармалган жарандан ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкеринин жасалма документи табылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.

Жогоруда аталган психотроптук затты сатууда О.Э. жана башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси 33 миллион сомдон ашык сумманы түзмөк.

Ошентип мефедрон психотроптук затынын 40 миңден ашуун бир дозасы өлкө боюнча жайылышына бөгөт коюлган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM