Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Индияга болгон жумуш сапарынын алкагында Индиянын соода жана өнөр жай министри Пиюш Гоял менен соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Мындан тышкары, Эдил Байсалов Индиянын мамлекеттик тышкы иштер министри Минакши Лекхи менен дагы жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин, глобалдык жана аймактык коопсуздук маселелерин, Индиянын 2023-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна жана «Чоң жыйырмалык» тобуна төрагалык кылуусунун күн тартибин талкуулашты.
Тараптар заманбап чакырыктарды жеңүү үчүн эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жалпы кызыкчылыкты билдиришти.