Connect with us

Белгилүү режиссёр Болот Шамшиевдин эстелиги ачылды

Кыска кабар | 5 Июл 2023 | 402 | 0

Бүгүн, 5-июлда «Ала-Арча» мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын баатыры, Кыргыз эл артисти, СССРдин эл артисти залкар кино режиссер Болот Шамшиевдин эстелиги ачылды. Бул тууралуу маданият министрлигинен билдиришти.

Мааламатка караганда, режиссердун эстелигин белгилүү скульптор Тамила Маматова жасаган. Эстеликтин ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, кино-театр өнөрүнүн өкүлдөрү, Болот Шамшиевдин үй-бүлөсү катышып, эскеришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өз сөзүндө Болот Шамшиевдин режиссерлук чеберчилигине токтолуу менен залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кинодо эң мыкты ачып бере алгандыгын белгиледи. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Болот Шамшиевге көзү өткөндөн ыйгарылган Кыргыз Республикасынын баатыр наамын, «Ак шумкар» төш белгисин расмий түрдө уулу Чыңгыз Шамшиевге өкмөт башчы тапшырды.

Болот Шамшиев 1941-жылы Фрунзе (Бишкек) шаарында туулган. Ал «Ак кеме», «Караш-караш окуясы», «Эрте келген турналар», «Бөрү зындан», «Манасчы» (Саякбай Каралаев туурасында), «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» жана башка ушул өңдүү бир катар атактуу тасмаларды тарткан. 2019-жылы 78 жашында көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM