Connect with us

«Сулайман-Тоо» музейи эки айга жабылды

Кыска кабар | 5 Июл 2023 | 238 | 0

Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы музейи убактылуу жабылды. Бул тууралуу аталган музейден билдиришти.

Маалыматка караганда, тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу музей шаар тургундары жана коноктору үчүн 5-июлдан 28-авгуска чейин жабык болот.

Ал эми Үңкүр музейи көрөрмандар үчүн саат 09:00дөн 20:00гө чейин, туристтик жолдор саат 08:00дөн 21:00гө чейин иштейт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM