Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун Кулунду айылынан өтүп бара жатып, дыйкандарга жолукту.
Жолугушууда дыйкандар быйылкы түшүм жакшы болгондугун билдиришкен.
Кошумчалай кетсек, Лейлектин Кулунду аймагында пияздын эрте бышкан сортунун түшүмүн жыйноо иштери башталды.