Бүгүн, 25-майда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
Анын айтымында, Алимбаева бүгүн, 25-майда саат 12:00 суракка кирген бойдон жок болуп жатат. Адвокат менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилген жок.
Буга чейин анын уулу Азат Равшан социалдык тармактагы баракчасы аркылуу апасын УКМК кармап кеткенин, жанында жактоочусу жок экенин жазган. Азырынча эмне себептен кармалганы боюнча УКМК комментарий бере элек.
Равшан Жээнбеков Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда «Массалык башаламандык уюштуруу» беренесинин негизинде отузга жакын саясатчы, жарандык активисттер менен чогуу камалган.