Биз менен байланышыңыз

АКШда кыргызстандыктардын виза мөөнөтүн узартуу маселеси талкууланды

Кыска кабар | 6 Дек 2022 | 372 | 0

Кыргызстандын Чикаго шаарындагы башкы консулу Болот Борбиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Брайан Стиммлер менен 3-декабрда жолугушту.

Тараптар АКШда Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселесин, консулдук ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Анын ичинде туристтик визалардын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга чейин узартуу, ошондой эле АКШнын Бишкектеги элчилигинде виза үчүн маектешүүнүн күнүмдүк өтүмдүүлүгүн жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Чикаго шаарында башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунан тарта иштей баштаган.

Болот Борбиев Кыргызстандын Америка Кошмо штаттарынын Чикаго шаарындагы башкы консулу болуп апрелде дайындалган.

Ага чейин Өзгөчө кырдаалдар министри, Бишкек шаардык жол коопсуздук башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM